Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:34

Миграция поэзиясы китеп болуп жарык көрдү


Бишкекте Орусияда иштеген кыргызстандык мигрант акын Нарсулуу Гургубаеванын "Алыстагы ак жарык" аттуу китебинин бет ачары өттү.

Адабиятка өзгөчө үнү, муңдуу саптары менен кирген акындын ырлары буга чейин интернетте, гезит-журналдарда жарыяланып, поэзия күйөрмандарынын бүйүрүн кызытып келген.

Адабиятчылар Нарсулуу Гургубаеваны миграция поэзиясынын талантуу өкүлү катары баалап жатышат. Акын он жылдан ашуун убакыттан бери Москвада жашайт. Максим Горький атындагы Адабият институтунан билим алган. (ZA)

XS
SM
MD
LG