Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:51

Орус камагынан бошотулган эки украиналык мекенине келди


Борисполь аэропортуна Геннадий Афанасьев жана Юрий Солошенко отурган учак келип конду. Аларды Раданын вице-спикери Ирина Геращенко жана президенттин маалымат катчысы Святослав Цеголко тосуп алышты.

Мурдараак Украина президенти Петро Порошенко Орусияда камалган эки украиналык бошотулганын Твиттерге жазган эле.

Алар сепаратизмге айыпталып камалган эки одессалык Елена Глищинская жана Виталий Диденкого айырбашталганы айтылууда.

Афанасьевди ФСБ 2014-жылдын май айында Симфераполдо кармаган. Ал Крымда теракт уюштурмак болгон, террористтик уюм түзгөн деген айып менен күчөтүлгөн режимде жети жылга кесилген.

Ал эми 73 жаштагы Солошенко С-300 зениттик-ракеталык комплексти мыйзамсыз алган жана аны Украинага алып кирүүнү көздөгөн деп, күчөтүлгөн тартипте алты жылга кесилген.

XS
SM
MD
LG