Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:43

Актриса Гүлнара Кадралиева көз жумду


Актриса Гүлнара Кадралиева 14-июнда каза тапты. Кинематография департаменти жана Кыргызстан кинематографисттер союзу маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтты.

Кадралиева 1961-жылдын 6-майында Чүй облусунун Сокулук районунда туулган.

1982-жылы Москвадагы кинематография институтунан билим алып, 1983-1984-жылдары Телеберүү жана радио боюнча мамлекеттик комитетте иштеген. Андан кийин "Кыргызфильмде" эмгектенген.

Гүлнара Кадралиева "Ак илбирстин тукуму" тасмасында Зулайканын ролун ойноп, "Квартирант" жана башка фильмдерде башкы каармандардын образын ачып берген. (NT)

XS
SM
MD
LG