Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:31

Францияда орус жана англис фанаттары мушташты


Орусиялык, британдык фанаттардын урушу.
Орусиялык, британдык фанаттардын урушу.

Франциянын Лилл шаарында 14-июнда орус жана англис футбол күйөрмандарынын ортосунда мушташ чыкты. Рейтер агенттиги кабарлагандай, анча чоң эмес эки топтун мушташын полиция токтоткон.

Уруш эки орусиялык фанат 70 чакты англиялык күйөрмандар отурган кафенин жанынан өтүп баратканда чыккан. Алар акаарат сөздөрдү айтышып, андан соң бири-бирине отургучтарды ыргытышкан. Айрым басылмалар чырды орусиялыктар баштаганын жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, эки орус жараны Лиллдин борборунда камакка алынган. Бүгүн бул шаарда Орусия менен Словакиянын командалары беттешет. 16-июнда коңшу Ланс шаарында Англиянын жана Уэлстин курама командаларынын оюндары өтөт.

Европа футбол ассоциациялар биримдиги 14-июнда орус командасына эскертүү берген. Эгер стадиондордо массалык башаламандыктар уланса, курама команда оюндардан четтетилет деген шарт коюлган.

Буга чейинки Марселдеги тополоңго катышканы үчүн бир топ орусиялык фанаттар Франциядан депортацияланат.

XS
SM
MD
LG