Линктер

Бишкектин Биринчи Май райондук соту бүгүн укук коргоочулар Азиза Абдирасулова менен Төлөйкан Исмаилованын президенттин үстүнөн жазган доо арызын кароону улантат. Териштирүү 8-июнда башталган. Президенттин өкүлү катары жараянга катышып жаткан адвокат иштин материалдары менен таанышуу үчүн убакыт сурап, кийинки отурум бүгүнкүгө белгиленген. “Кылым шамы” укук коргоо кыймылынын жетекчиси Азиза Абдирасулова бүгүн адвокаттын тыянагына жараша өтүнүчтөр келтириле турганын “Азаттыкка” билдирди.

Эки укук коргоочу президенттин үстүнөн сотко 18-майда кайрылышкан. Буга мамлекет башчынын алардын "Элдик парламенттин" жыйынына катышканын сындап, "грантын актагысы келген бейөкмөтчүлөр" деп атаганы себеп болгон.

Укук коргоочулар жыйынга мониторинг жүргүзүү үчүн катышканын белгилешип, президенттин айткандары демократиялык эрежелерге сыйбайт деген жооп кайтарышкан жана мамлекет башчынын үстүнөн сотко кайрылып, ар бири 2 миллион сомдон компенсация сурашкан.

8-июнда Абдирасулова жазган арызына толуктоолорду киргизип, талап кылынган доонун суммасын 2 миллиондон 10 миллион сомго көтөрдү. (NT)

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG