Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:20

Өзбекстан чек арасын 10 күнгө жапты


Кыргызстан-Өзбекстан чек арасы
Кыргызстан-Өзбекстан чек арасы

Өзбекстан 15-июндан 25-июнга чейин Кыргызстан, Тажикстан, Казакстан жана Түркмөнстандын жарандарына, автоунаа жана жүктүн өз аймагына кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ош облусунун Кара-Суу районундагы Барак эксклавынын тургундарына бул чектөөнүн тиешеси жок. Алар кыргыз-өзбек чек арасынан мурдагы тартип менен өткөрүлөт.

Өзбек бийлигинин бул чечими Шанхай кызматташтык уюмунун саммити менен байланыштуу экени айтылууда. ШКУ жыйыны 23-24-июнда Ташкенде өтөт. Буга байланыштуу өзбек күч кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. (NT)

XS
SM
MD
LG