Линктер

"Кумтөр голд" Кыргызстандын аракетин мыйзамсыз деп атоодо


"Кумтөр голд" компаниясы Кыргызстандын айлана чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик органдарынын доосун кошумча төлөм өндүрүп алуу амалы деп атады. Бул тууралуу билдирүү компаниянын сайтына жарыяланды. Анда "Кумтөр" долбоору өз ишмердүүлүгүн кыргыз мыйзамдарынын жана эл аралык стандарттардын негизинде жүргүзүп келатканы, муну көз каранды эмес эксперттер да бышыктаганы айтылат.

Кыргызстандын Мамлекеттик экотехинспекциясы жакында "Кумтөр голд" компаниясын Бишкектин райондук соту аркылуу 7 млрд сомдук айыппулга жыккан. Бирок ишкана бул чечим боюнча апелляциялык арыз менен кайрыларын билдирген.

Мындан тышкары айлана чөйрөнү коргоо мекемеси "Кумтөр голд" экологияга зыян келтирди деп 15,7 млрд сом талап кылып райондук сотко кайрылган. Бул териштирүү уланууда.

Кечээ мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев "Кумтөр" долбоору боюнча жаңы жагдайлардын пайда болушуна байланыштуу 2003-2004-жылдары жана 2009-жылы түзүлгөн келишимдердин мыйзамдуулугу кайрадан карап чыгууну Башкы прокуратурага тапшырды. (RK)

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG