Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:11

Тоңдо бир адам селден мерт болгону кабарланууда


Ысык-Көл облусунун Тоң районунда сел суусу бир адамдын өмүрү алганы кабарланууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, бүгүн саат 10:30да Мамбетов айыл аймагына караштуу Жер-Yй айылынын үстүнөн Жер-Yй суусуна бир адам агып кеткени тууралуу алдын ала маалымат түшкөн. Ал адамдын сөөгү табылды, ким экени азыр такталууда.

- Азыр эле маалымат такталды. Бир аялдын сөөгү табылды. Аны өлүмүнө эмне себеп болгонун тиешелүү органдар аныктайт, - деди Бекилов.

Өткөн түнү нөшөр жаандын айынан Ысык-Көл облусунун Ак-Суу, Тоң жана Жети-Өгүз райондорунда сел жүргөн. Селге байланыштуу кооптуу абал Нарын облусунда да сакталууда. (RK)

XS
SM
MD
LG