Линктер

Пакистан-ооган чек арасындагы жогорку чыңалуу сакталууда


Пакистан менен чек арадагы ооган жоокерлери

Пакистан менен чек арадагы ооган жоокерлери

Эки тараптын аскерлеринин Торхам чек ара өткөөлүндөгү артиллериялык атышууларынан эки аскер кызматчысы өлүп, кеминде 18и жаракат алды.

Пакистанда чек арадагы атыштан алган жараатынан мерт болгон майор Али Жавад Чангезинин тажиясына армия башчысы Рахил Шариф өзү катышып, премьер-министр Навази Шариф Чангези өмүрүн өлкөсү үчүн курмандыкка чалганын белгиледи.

Ал эми Ооганстандын Жалалабад шаарында чек арадагы атыштан мерт болгон аскердин тажиясында “Пакистанга өлүм” деген кыйкырыктар айтылды.

12-июнда чек арадагы Торхам өткөөлүнүн жабылышына алып барган кыянатчылыктар үчүн эки тарап тең бири-бирин айыпташты.

Чек арада аскерлеринин санын көбөйтүшүп, тышкы иштер министрликтерине бири-биринин элчилерин чакыртышты.

Ооганстан Пакистан менен “Дуранд сызыгы” деп аталган азыркы чек ара тилкесин тааныбайт жана Исламабаддын дубал орнотуу пландарын айыптоодо.

Пакистан болсо мындай чара коопсуздук үчүн зарылдыгын айтат. (UE)

XS
SM
MD
LG