Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:09

НАТО Украинага жардам көргөзүүнүн комплекстүү планын жактырды


НАТОнун жыйыны. 15-июнь, 2016-жыл.
НАТОнун жыйыны. 15-июнь, 2016-жыл.

Бул тууралуу НАТОнун башкатчысы Йенс Столтенберг бүгүн Брюсселден билдирди:

- Министрлер Украинага көргөзүлүүчү жардамдын комплекстүү пакетин жактырышты. Ал биздин жардамдын бардык тармактарын камтыйт. Биздин максат - Украинага коргонуу менен коопсуздуктун эффективдүү жана иштиктүү структурасын түзүүгө жана алардын үстүнөн жарандык көзөмөлдү чыңдоого жардам берүү.

Брюсселде Түндүк атлантикалык альянска мүчө өлкөлөрдүн Коргоо министрлеринин жыйыны өтүп жатат.

Башкатчы Йенс Столтенберг Украинага жардам көргөзүүнүн комплекстүү планы биротоло июлда, Варшавада өтүүчү саммитте бекитилерин, алар Киев менен бир катар жаңы долбоорлор боюнча кызматташууга ниеттенип жатканын кошумчалады.

Столтенберг ага катар Орусияны аскерлерин жана аскерий жабдууларын Украинадан алып кетүүгө, өлкө чыгышында жикчилерди колдоону токтотууга чакырды.

Украинанын НАТОго мүчө болуу мүдөөсүнө Орусия кескин каршылыгын билдирип жүрөт. (UE)

XS
SM
MD
LG