Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:42

Улуттук гвардияга жаңы жетекчи дайындалды


Мирбек Касымкулов Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын командачысы болуп дайындалды.

Бул тууралуу жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев кол койгонун бүгүн мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Улуттук гвардиянын мурдагы жетекчиси Мелис Сатыбалдиев 11-майда кызматтан алынган.

Ага чейин 4-майдын түнүндө Улуттук гвардияга караштуу 718-бөлүктө (Каракөл шаары) эки аскер мушташа кетип, бирөө алган жаракатынан ооруканага жетпей жан берген. Аскер кызматкеринин өлүмү менен аяктаган каргашалуу окуялар Улуттук гвардияда мурда да катталган.

Жаңы жетекчи Мирбек Касымкулов буга чейин УКМКнын 9-башкармалыгында иштечү.(RK)

XS
SM
MD
LG