Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:45

Йенс Столтенберг Орусияны аскерлерин жана аскерий жабдууларын Украинадан алып кетүү жана өлкө чыгышындагы жикчилерди колдоону токтотууга чакырган билдирүүсүн бүгүн Брюсселден жасады:

- Орусия жикчилерди түрдүү жолдор менен колдоону улантууда. Аларга жарак-жабдык, курал, кеңеш жана жардам берип жатат. Ошондой эле Украинанын чек арасында аскерлерин топтоштуруп турат, чыгыш Украинанын ичинде жикчилерди тикелей колдоосун токтото элек. Ушул себептерден биз Орусияны Украинанын суверенитетин жана аймактык бүтүндүгүн толук урматтоого чакырууну улантабыз.

Йенс Столтенберг Түндүк атлантикалык альянска мүчө мамлекеттердин коргоо министрлери Брюсселдеги жыйынында Украинага жардам көргөзүүнүн комплекстүү планын жактырганын, алар Крымдын анексиясын эч качан тааныбай турганын кошумчалады.

Украинанын НАТОго мүчө болуу мүдөөсүнө Орусия кескин каршылыгын билдирип келет. Москва ошондой эле Украинанын чыгышында аскерлери бар деген ырастоолорду такай төгүндөйт. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG