Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:18

Керри: АКШнын Сирия боюнча чыдамы түгөнүүдө


Жон Керри Ослодо Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зариф менен. 15-июнь, 2016-жыл.
Жон Керри Ослодо Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зариф менен. 15-июнь, 2016-жыл.

Мамлекеттик катчы Жон Керри бүгүн Норвегия борбору Ослодон сүйлөгөн учурунда Орусия менен Сирия президенти Башар Асаддын бийлигин ок атышууну токтотуу боюнча келишимди аткарууга чакырып, аларга Вашингтондун чыдамы түгөнүп бара жатканын эскертти:

- Асад Алеппого чабуул жасоону улантып, Орусия бул аракеттерге кол колдоо көрсөтө берсе, биз жөн эле карап олтура албайбыз.

Жон Керри ага катар Орусия АКШнын чыдамы Сирия президенти Башар Асад жоопко тартылар-тартылбасына карабай чексиз эмес, иш жүзүндө чектелүү экенин түшүнүүсү зарылдыгын кошумчалады.

Керри ошондой эле АКШ өз тарабынан Сирия оппозициясынын кыянатчылыктардан уланышына тиешеси бар өкүлдөрүн жоопкерчиликке чакырууга даярдыгын да белгиледи.

Сирияда каршылашкан тараптардын ок атышууну токтотуусу үчүн АКШ менен Орусиянын ортомчулугу астында макулдашылган план быйыл февралдан тартакүчкө кирген.

Бирок, кийинчерээк анын үзгүлтүккө учурашы үчүн расмий Дамаск менен Сирия оппозициясы бири-бирин айыптаган.

Мындан улам эки тараптын Женевада, БУУ ортомчулук кылган сүйлөшүүлөрүда улана албай калган. (UE)

XS
SM
MD
LG