Линктер

Обама Орландо окуясында жабыркагандар менен жолугушат


Президент Барак Обама Улуттук коопсуздук кеңештин өкүлдөрүнөн маалымат алууда.

Президент Барак Обама Улуттук коопсуздук кеңештин өкүлдөрүнөн маалымат алууда.

АКШнын президенти Барак Обама бүгүн кандуу окуя болгон Орландо шаарына барып, маркумдардын үй-бүлө, жакындарына жана жабыркагандарга көңүл айтат.

14-июнда ал Улуттук коопсуздук кеңешинин өкүлдөрү менен жолугушкан учурда өзүн “Ислам мамлекети” деп атап алган террордук топко каршы күрөш жана Орландо кыргынын иликтөөнүн жүрүшү тууралуу маалымат алган. Президенттикке талапкер Дональд Трампты “радикал ислам терроризми” деген терминди колдонбоого чакырган.

Буга чейин Республикачылар партиясынан АКШ президенттигине талапкерликке ат салышып жаткан Дональд Трамп Ооганстан, Пакистан жана Сирия жарандарына АКШга кирүүгө чек коюу керектигин билдирген. Ал "Твиттердеги" баракчасына “радикал ислам терроризми” боюнча мурдатан айтканы оңунан чыгып атканын, Орландо окуясы мунун башталышы экенин белгилеп, бийликти "алсыз" деп сындаган болчу.

XS
SM
MD
LG