Линктер

Апрель окуясы боюнча соттолгондордун туугандары маалымат жыйын курат


2010-жылдын апрель окуясы боюнча күнөөлүү деп табылган Нурлан Турсункулов, Элмурза Сатыбалдиев, Алмаз Жолдошалиевдин туугандары бүгүн Бишкекте маалымат жыйын курушат. Алар айыпталгандарды бошотуу талабын коюшат. Ушундай эле талап менен УКМКнын “Альфа” атайын бөлүгүнүн мурдагы кызматкерлери менен Элмурза Сатыбалдиевдин адвокаттары да маалымат жыйын өткөрүшмөкчү.

Өткөн жумада УКМКнын тергөө абагында отурган “Альфанын” мурдагы жетекчиси Алмаз Жолдошалиев менен экс-генпрокурор Нурлан Турсункулов ачкачылык жарыялаган. Соттолгондор камактагы мөөнөтү бүткөнүнө карабай, эркиндикке чыгарылбай жатканына нааразылык билдиришкен.

Жолдошалиев, Турсункулов, Сатыбалдиевге атайын кызматтын тергөө абагында жазасын өтөгөн мөөнөттөрүн эске алуу менен мунапыс берилген. Мыйзам боюнча, тергөө абагында кармалган бир күн эки күнгө тете эсептелинет. Андыктан алардын абакта кармалганы мыйзамсыз деген нааразылык айтылууда.

УКМК Жаза аткаруу кызматына соттолгондордун мөөнөттөрүн эсептөө өтүнүчү жиберилгенин маалымдаган. Ал эми Жаза аткаруу кызматы атайын кызматтан кат келгенин ырастап, анын жообун бергенин “Азаттыкка” билдирген эле. (NT)

XS
SM
MD
LG