Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:24

Депутат Шайназаров Апрель окуясы үчүн соттолгондорду бошотуу керектигин айтты


Ак үй алдындагы эстелик. Апрель окуясында 90дой адам набыт кеткен.
Ак үй алдындагы эстелик. Апрель окуясында 90дой адам набыт кеткен.

2010-жылдын Апрель окуясы үчүн соттолгон төрт жаран абакта мыйзамсыз кармалууда. Мындай пикирин бүгүн парламенттин жыйынында депутат Тынчтык Шайназаров билдирди. Анын айтуусунда, Аскердик соттун чечимин Жогорку Сотко көзөмөл арыздын жолдонушу токтото албайт:

- Алар бүгүнкү күндө мыйзамсыз отурат. Аскердик соттун чечимине даттанса болот, бирок анын аткарылышын токтотуу мүмкүн эмес.

Өткөн аптада Кыргызстандын Аскер соту мурдагы мамлекеттик кеңешчи Элмурза Сатыбалдиевге, президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Каныбек Жороевге, мурдагы баш прокурор Нурлан Турсункуловго жана УКМКнын “Альфа” атайын тобунун мурунку командири Алмаз Жолдошалиевге тергөө абагында 2010-жылдан бери өтөгөн жаза мөөнөтүн эске алып, мунапыс колдонгон болчу.

Бирок бул чечимге байланыштуу жабыркаган тарап Жогорку Сотко кайрылгандыктан, алар бошотулбай жатат.

2010-жылы 7-апрелде ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин бийлигине каршы демонстрацияга чыккан элге ок атылган. 90го жакын киши өлүп, 300дөн ашууну жараат алган. Бул иш боюнча экс-президент Курманбек Бакиев баш болгон 28 кишиге кылмыш иши козголгон. Ок атууга күнөлүү деп табылган мурунку президент Курманбек Бакиев, иниси Жаныш жана улуу уулу Марат Бакиевдер учурда Беларуста баш калкалап жүрүшөт. Ал эми мурдагы премьер-министр Данияр Үсөнов коңшу Казакстанда деген маалымат айтылып келет. (RK)

XS
SM
MD
LG