Линктер

Кыргызстан туруктуу светтик өнүгүү максатында калк менен иштөө жана диний лидерлер менен жакшы кызматташуу жагынан башкаларга үлгү боло алат. Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Бишкекте өтүп жаткан эл аралык конференциянын катышуучуларына жолдогон кайрылуусунда айтты.

«Заманбап коммуникациялык технологиялардын өнүгүү шартында террордук жана экстремисттик уюмдарга каршы күрөш жаатындагы эл аралык кызматташтык" деген темада өтүп жаткан конференцияны Көз каранды эмес мамлекеттер шериктештигинин Антитеррордук борбору уюштурду.

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев аталган көйгөйлөрдү күч менен гана чечүү мүмкүн эмес экенин, биринчи кезекте диний жактан туура билим берүү аракети көрүлүп жатканын, ошону менен катар улуттук каада-салт менен маданиятты колдоо керек экенин белгиледи.

Өлкөдөгү диний кырдаал маселеси былтыр Коргоо кеңешинин жыйынында талкууланып, концепция кабыл алынган. Соңку маалыматка караганда, учурда 500гө жакын кыргызстандык Сириядагы согушка катышууда. (RK)

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG