Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:37

Кошмо Штаттар Украинага 220 млн. доллар бөлдү


Украина.
Украина.

Украинанын энергетика тармагында реформаларды жүргүзүү үчүн быйыл 220 млн. доллар берилет. Чыгыш Украинадагы согуштан алсыраган өлкө үчүн өтө зарыл каражат бөлүнөрү 15-июнда АКШнын вице-президенти Жо Байден менен украин өкмөт башчысы Владимир Гройсмандын телефон аркылуу сүйлөшүүсүнөн кийин маалым болду.

Акүйдүн билдирүүсүндө жардам “демократиялык институттарды бекемдөө, мыйзамдардын үстөмдүгүн камсыздоо, туруктуу экономикалык өсүшкө салым кошуу жана гуманитардык талаптарды канааттандырууга” багытталары айтылган. Украина тарап жардамды бажы тармагында реформа жүргүзүүгө, Конституцияга өзгөртүү киргизүү жана жарандык коом, көз карандысыз маалымат каражаттарын колдоого жумшарын билдирген. Гройсмандын өкмөтү ошондой эле энергетика тармагын реформалап, газ рыногунда атаандаштыкка жол ачуу, мамлекеттик энергетикалык компанияларды менчиктештирүүнү көздөөдө. (AiT)

XS
SM
MD
LG