Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:48

АКШнын Республика партиясы курал сатууну чектөөнү талкуулоого даяр


Республика партиясынан президенттикке талапкер Дональд Трамп жана башка республикачылар террорчулук боюнча шектелген адамдарга курал сатууну чектөөгө макулдугун билдиришти. Бул маселеде адатта бекем позицияны кармаган республикачылар Орландо чабуулунан кийин пикирин өзгөртө баштады.

Флорида штатындагы гей-клубга кол салуудан 49 киши курман болгон эле. Ал жерде ок аткан Омар Матин 2013 - 2014-жылдары ФБРдин көзөмөл тизмесине киргизилип, бирок кийинчерээк чыгарылган. Трамп Твиттердеги баракчасына Улуттук мылтык бирикмесинин өкүлдөрү менен жолугушарын 15-июнда жазды. Бирикменин аткаруучу төрагасы Крис Кокс террорчулардын колуна курал тийбегендей кылышыбыз керек деп билдирди. Эми Демократия жана Республика партиясынын сенаттагы лидерлери бул маселени талкууламакчы. (AiT)

XS
SM
MD
LG