Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:58

Шашылыш мыйзам эмне максатты көздөйт?


Ак үй алдындагы "Азаттыкты" колдогон акция, 16-июнь, 2016-жыл
Ак үй алдындагы "Азаттыкты" колдогон акция, 16-июнь, 2016-жыл

Жогорку Кеңеш "Массалык маалымат каражаттары жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорду бүгүн, 16-июнда шашылыш караганга аракет кылып, бирок кийин аны бир жума артка калтырды.

Долбоордун концепциясын парламенттин комитети ушул жуманын башында чукул талкуулап, концепциясын жактырган эле. Документте жалпыга маалымдоо каражаттарында сырттан келген акчанын көлөмү 20 пайыздан ашпашы керек, негиздегендер кыргыз жарандары болушу шарт деген өңдүү жобо жазылган. Бир катар депутаттар бул “Азаттык” радиосуна чектөөгө багытталган мыйзам экенин айтып чыгышты. Долбоордун авторлору дооматты четке кагып жатат.

Мыйзам доолбоорунун демилгечилери

"Массалык маалымат каражаттары жөнүндө" мыйзам долбоорду Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын депутаттары Кожобек Рыспаев, Искендер Матраимов жана “Республика Ата-Журт” фракциясынын депутаттары Жыргалбек Турускулов, Таабалды Тиллаев сунуштап жатат. Мыйзам долбоорду 13-июнунда парламенттин Социалдык маселелер, билим, маданият жана саламаттыкты сактоо маселелери боюнча комитети да чукул караган. Документтин авторлорунун бири Кожобек Рыспаев мындай мыйзам мамлекеттин коопсуздугу үчүн керек деген жүйө келтирүүдө:

- Бүгүнкү массалык маалымат каражаттарында аны негиздеген чет элдик жарандардын үлүшү чектелген эмес. Биз аны тыйган да, жокко чыгарып да жаткан жокпуз. Болгону чет өлкөлүк негиздөөчүлөрдүн үлүшү 30 пайыздан ашпасын деп жатабыз. Себеби алар 100 пайыз ала турган болсо мамлекеттик коопсуздугун, саясий абалын өз кызыкчылыгына пайдаланышы мүмкүн. Биз дүйнөлүк тажрыйбаны карап көрүп ушундай мыйзам долбоорду жазып жатабыз.

Кожобек Рыспаев мыйзам долбоор сөз эркиндигин чектебей турганын айтууда:

- Бул жерде сөз эркиндигине доо кетпейт, сөз эркиндигине бөгөт койгон жокпуз. Бул жерде “Азаттыкты”, же дагы башка телеканалдарды же гезиттерди жабалы деген абал болгон жок. Эгер ушул мыйзам кабыл алынып калса, күчүнө киргенден кийин 100 пайыз үлүшү чет өлкөлүктөрдө болгондор кайра каттоодон өтүп, өздөрүнүн пайыздарын тактап алып иштеп жатат.

Момбеков: Мыйзам сөз эркиндигин чектейт

Бул мыйзам долбоорго учурда бир катар депутаттар каршы чыгууда. Алардын бири Социал-демократтар фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков мыйзам долбоорду сынга алды.

- Биз “Азаттыктын” пайдасын көп эле көрдүк да. Акаевдин деле, Бакиевдин убагында деле алар демократияга бир топ салым кошту. Убагында элибизге ушунчалык чоң жардам берген медианы азыр кайра элибиздин душманына айландыруу опурталдуу нерсе. Биз мыйзам долбоорун биз комитетте караганда өтө опурталдуу, өтө орой даярдалып калганына мен күбө болдум. Азыркы турган турушу менен, азыркы сунушталып жаткан вариантта кабыл алып кое турган болсок, биз сөз эркиндигин чектеген болуп калабыз. Эл аралык уюмдардын катуу каршылыгына кабылабыз. Бул эми чектөө да. Эгер биз каржысын чектеп атсак, демек сөз эркиндигин чектеп жатабыз да. Биз муну мойнубузга алышыбыз керек. Мен бул мыйзам долбоорго каршымын.

Момбеков: Мыйзам сөз эркиндигин чектейт
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:56 0:00

Демократия жана "Азаттык" үналгысы​

Парламенттеги “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматов “Азаттыкты” оздуктоо аракети буга чейинки бийликтердин учурунда деле болгонун, бирок мыйзам менен тоскоол кылууга чейин жетпегенин белгиледи:

- “Азаттыкты” жабууга Акаев да, Бакиев да кызыкдар болгон. Бирок алар мындай мыйзам долбоор даярдап, кол коюп жаап салалы деген жолго бара алган эмес, эрки жеткен эмес. Элдин жаалынан коркуп бара алган эмес. Азыр КСДП партиясы буга баратат, кимдин оюна келген, эмне себептен болду деп, мен аң-таң болуп түшүнө албай турам. Кыргызстандын коңшу мамлекеттерден башкы айырмасы – бизде адамдардын демократиялык аң-сезими жогору. Эркиндикке умтулуу боюнча алдыда. Демократиялык көз карашы бар. Ошол элдин аң-сезимин өзгөрткөн, революция жасаган, бул жерде “Азаттыктын” чоң эмгеги бар. Бир кезде КТР бир беткей бийликти мактап, бийликке акаарат айткан элди көрсөтпөй калганда, элдин үнү “Азаттык” аркылуу жетип жатпады беле. “Азаттык” керек болсо элди алааматтан сактаган да.

"Азаттык" радиосунун өлкөдө демократия, сөз эркиндигин калыптандырууга кошкон салымы зор. Мындай пикирин бүгүн Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов билдирди:

- Кыргызстандын эгемендик алгандан кийинки коомдук-саясий турмушунун түптөлүшүнө, демократиянын өнүгүшүнө "Азаттыктын" кошкон салымы зор. Канчалык сөз эркиндиги болсо ошончолук ачык-айкындуулук болот. Бул демократиянын пайдубалы. Айкындык чиновниктердин кыңыр иштерине жол бербейт. Сөз эркиндиги сөзсүз болушу керек.

“Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоор Жогорку Кеңеште бүгүн күн тартибине киргизилип, бирок депутат Кожобек Рыспаевдин бир жума артка жылдырып туруу сунушу менен талкуулоодон алынып салынды. Медиаэксперттер да ушул эле күнү үч окууда тең добуш берип, коомчулуктун талкуусуна коюлбай, терең талданбай шашылыш кабыл алынышы мүмкүн деп кооптонушкан. Алардын айрымдары "Азаттыкты" колдоп Ак үй алдына митингге да чыгышкан болчу.

"Азаттыкты" колдогон акция өттү
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:18 0:00

XS
SM
MD
LG