Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:58

АКШ Ооганстанда аскерлерин кыскартуу планын кайра карап чыгышы ыктымал


Ооганстандагы НАТОнун аскерлери.
Ооганстандагы НАТОнун аскерлери.

Бул тууралуу 15-июнда Брюсселде НАТО өлкөлөрүнүн коргоо министрлеринин жолугушуусунда Кошмо Штаттардын коргоо министри Эштон Картер билдиргенин Англиянын коргоо министри Майкл Фэллон маалымдады. “Картер аскерлердин саны жана алардын жайгашкан жерлерин кайра карап чыгышарын бизге айтты” деди Фэллон. Эштон Картер өзү да Ооганстанда аскерлердин саны жана жайгашуусу боюнча маселени президент Барак Обама карап көрүүгө даяр экенин билдирген. Азыркы план боюнча, 2016-жылдын аягына карай 9800 аскерден 5500 калыш керек.

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Ооганстанда аскерлери бар аскердик уюмдун башка мүчөлөрү да келерки жылы ал жерде калууну көздөп жатканын билдирди. “Биз региондо калып, ооган күчтөрүн машыктыруу, жардам берүү жана колдоону улантабыз”, деп билдирди Столтенберг. “Биз азыркы кезде 2017-жылы Ооганстанда канча аскер болорунун үстүнөн иштеп жатабыз”, деди НАТОнун баш катчысы. (AiT)

XS
SM
MD
LG