Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:31

Нарын дарыясындагы суунун деңгээли болуп көрбөгөндөй көбөйдү


Буркандаган Нарын.
Буркандаган Нарын.

Нарын дарыясындагы суунун деңгээли коркунучтуу чекке жетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Нарын облустук башкармалыгынын башчысынын орун басары Дөөлөтбек Ибраев билдирди. Анын айтымында 13-14-июнь күндөрү жааган жамгыр бийик тоодогу мөңгүнүн эришин тездеткен. Мындан улам Нарын дарыясындагы суунун агымы секундуна 730 метр кубду түзгөн. Мындай жогорку чек мурда катталган эмес.

-2003-жылы 700 куб секундга жеткени болбосо мындай жогорку чек катталган эмес. Негизи Нарын дарыясынын нормалдуу агымы 500 куб секундду түзөт. Ал эми Нарын дарыясынын сыйымдуулугу 800 кубга чейин. Эгер андан ашып кетсе чоң коркунуч пайда болот. Негизи дарыядагы суу июль-август айларында көбөйчү. Бирок быйыл ал убакыттан эртеледи,- дейт Ибраев

Нарын дарыясынын жээгинде суу каптап кетүү коркунучу бар 50 гө чукул турак үй бар. Алардын көпчүлүгүнө ӨКМ башка жакка көчкүлө деп эскертүү бергени менен, алар коопсуздукту өз моюндарына алуу келишимин түзүшүп, ушул убакытка чейин жашап турушат. (MiK)

XS
SM
MD
LG