Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:18

Өмүркулов: "Азаттыктын" сөз эркиндигине кошкон салымы өтө зор


Иса Өмүркулов
Иса Өмүркулов

"Азаттык" радиосунун өлкөдө демократия, сөз эркиндигин калыптандырууга кошкон салымы зор. Мындай пикирин бүгүн Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов билдирди:

- Кыргызстандын эгемендик алгандан кийинки коомдук-саясий турмушунун түптөлүшүнө, демократиянын өнүгүшүнө "Азаттык" кошкон салымы зор. Канчалык сөз эркиндиги болсо ошончолук ачык-айкындуулук болот. Бул демократиянын пайдубалы. Айкындык чиновниктердин кыңыр иштерине жол бербейт. Сөз эркиндиги сөзсүз болушу керек.

10-июнда Жогорку Кеңештин 4 депутаты "Массалык маалымат каражаттары жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү демилгесин көтөрүп чыгышты. Бул мыйзам долбоору парламенттин жалпы жыйынына бүгүн биринчи окууда каралганы жатат.

Айрым серепчилердин пикиринде, эгер демилге колдоо тапса, "Азаттык" радиосу жабылышы ыктымал.

"Азаттыкты" колдоп бүгүн Ак үй алдында укук коргоочулар пикет өткөрдү. (RK/KJ)

XS
SM
MD
LG