Өткөн айда кырсыкка кабылган учактын үн жазгычы табылганын Египет бийлиги кабарлады. Үн жазгыч 16-июнда табылган. Андан үндөрдү сактаган бөлүгү алынды. Эми жазылган үн жана добуштарды талдоо үчүн үн жазгыч Александрия шаарына жөнөтүлөт. Парижден Каирге учуп бараткан учак 19-майда Жер Ортолук деңизинде кыйраган. Кыйроонун себеби азырынча белгисиз. Учактагы 66 кишинин баары набыт болгон. (AiT)