Линктер

“Республика-Ата Журт” фракциясы аңчылыкка тыюу салуу маселесин карайт


Мыйзамсыз аңчылык.

Мыйзамсыз аңчылык.

Парламенттеги “Республика-Ата Журт” фракциясы “Аңчылыкка тыюу салуу жөнүндө» мыйзам долбоорун талкуулайт. Парламент депутаттары Жанар Акаев менен Эмил Токтошев сунуштаган документте өлкөдө 2030-жылга чейин аңчылыкка тыюу салуу маселеси камтылган. Ал эми Айлана-чөйрөнү коргоо агенттиги мергенчиликке узак мөөнөткө мораторий киргизүү мыйзамсыз аңчылыкты күчөтөрүн белгилеп, айрым аймактарга убактылуу тыюу салууну сунуштоодо. Аталган долбоор өткөн аптада коомдук талкууга коюлган.

Расмий маалыматтарга караганда, учурда республикада мергенчилик кылуучу жерлерге ээ болгон 52 пайдалануучу бар. Алардын бирөө мамлекеттик, тогузу коомдук уюм жана кырк экиси жеке адамдарга тиешелүү. Кыргызстанда жапайы жаныбарлардын, айрыкча кайберендердин саны соңку 20 жылда өтө эле азайып кетти. (NT)

XS
SM
MD
LG