Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:30

Президент өлкө коопсуздугун талкуулады


Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 17-июнда, өлкөнүн Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыровду кабыл алды.

Жолугушууда президент коргонуу саясатынын биринчи кезекте өлкөнүн Куралдуу Күчтөрүн өнүктүрүүгө жана чыңдоого тийешеси бар негизги милдеттерин жүзөгө ашыруу боюнча Коргоо кеңеши аткарып жаткан иштер тууралуу маалымат алды.

Темир Жумакадыров ошондой эле өлкөнүн улуттук коопсуздугун камсыз кылууга жана антитеррористтик чараларды күчөтүүгө багытталган иштер тууралуу да баяндама жасады.

Андан тышкары президент менен катчы коррупцияга каршы күрөшүүгө, өлкөнүн тартип коргоо органдарын реформалоого байланыштуу маселелерди да талкуулашты.

XS
SM
MD
LG