Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:18

Орусия президенти Владимир Путин Мамлекеттик Думага шайлоо күнүн 2016-жылдын 18-сентябрына белгилөө тууралуу жарлыкка кол койду. Бул тууралуу Кремлдин маалымат кызматы билдирет.

Жарлык расмий жарыялангандан тарта күчүнө кирет. Андан соң федералдык шайлоо өнөктүгү башталат.

Мамдуманын жетинчи чакырылышына шайлоо аралаш система менен өтөт. 225 депутат партиялык тизме менен, 225и бир мандаттуу округдардан шайланышат. Парламентке мурдагы 7% ордуна 5%дык босогону багынткан партиялар өтөт.

Президенттин пресс-катчысы Дмитрий Песковдун “Интерфакска” билдиришинче, 22-июнда мөөнөтү аяктап баратканына байланыштуу Мамдуманын соңку жыйынына президент Путин катышат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG