Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:12

АКШ Орусияны Сириядагы жаңы аба соккулары үчүн айыптоодо


Сирия.
Сирия.

Вашингтон Орусия Сириянын түштүгүндөгү өкмөткө каршы козголоңчуларга кошуп “Ислам мамлекети” террордук тобуна каршы күрөшүп жаткан жана АКШ колдогон күчтөргө да сокку урууда деп эсептейт.

Америкалык расмий өкүлдөрдүн айтымында, алар ал-Танф деген жердин 16-июнда бомбаланышына “олуттуу” тынчсызданышууда. Маселе Москванын алдына коюлмай болду.

Орусия АКШ Сирия президенти Башар Асадды кулатуу үчүн “террорчу” тайпалардын бир бөлүгүнө таянган план болушу мүмкүндүгүн айтып чыкты.

Бул тууралуу Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров билдирди. Бирок АКШ Мамлекеттик катчысы Жон Керри акыркы телефон сүйлөшүүсүндө аларда андай жашыруун план бардыгын четке какканын кошумчалады.

Бул арада Сирия маселесин мыкты билген 50дөй дипломаттын президент Барак Обаманы Башар Асаддын күчтөрүнө абадан сокку урууга чакырган кат даярдаганы белгилүү болду.

Эки күн мурда Мамлекеттик катчы Жон Керри Орусия менен Сирия президентин ок атышууну токтотуу келишимин аткарууга чакырып, аларга Вашингтондун чыдамы түгөнүп баратканын эскерткен.

XS
SM
MD
LG