Линктер

Балбан Кенжеев президент Атамбаевге кайрылуу жасады


Жанарбек Кенжеев "Азаттыктын" студиясында. 17-июнь, 2016-ж.

Жанарбек Кенжеев "Азаттыктын" студиясында. 17-июнь, 2016-ж.

Быйыл Бразилияда өтө турган жайкы Олимп оюндарына жолдомо алып, кийин канынан кызытма табылды деп лицензиядан кол жууган грек-рим күрөшү боюнча балбан Жанарбек Кенжеев кайрадан допинг тест тапшырып Олимп жолдомосун кайтарып алуу аракетин көрүп жатат. Бул тууралуу Кенжеев "Азаттыкка" билдирди.

Анын айтуусунда, Астанада болгон лицензиялык мелдештен кийин канынан 0,85 мг өлчөмдө мельдоний табылды деген аныктаманы кайра текшертүү үчүн убагында тиешелүү чара көрүлбөй калган. Бул мүчүлүштүктү жоюу үчүн адвокат жалдап "Биргелешкен Күрөш Дүйнөсү" (UWW) уюмуна кайрадан кат жолдонгон.

Бүгүн маселе оң жакка чечилүүсү үчүн Кенжеев президент Алмазбек Атамбаевге кайрылуу жолдоп, ишти өз көзөмөлүнө алуусун суранды.

- Канымдан тыюу салынган препарат табылды деп маалымат келгенден кийин 5 күндүн ичинде кайрадан анализди текшертип, өз укугуман пайдалансам болмок экен. Мындай укугум бар экенин билген эмесмин. Учурунда Күрөш федерациясы, Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы UWW уюмуна кенен түшүндүрмө жазып кат жолдоп, менин таламымды талашып койсо болмок. Алардын кат жолдогону же жолдобогону белгисиз. Маселе чечилбегендиктен аргасыз өзүм маалымат каражаттары аркылуу кайрылуу менен чыгууга туура келди. Айрым бир жооптуу кызматкерлердин кайдыгер мамилесинен 20 жылдык эмгегим текке кетип жатат. Ушул маселени президент Алмазбек Атамбаев көзөмөлүнө алуусун суранам, - дейт Кенжеев.

Жанарбек Кенжеев Азиянын эки жолку чемпиону. Кыргызстандын эмгек сиңирген спорт чебери. Өспүрүмдөр арасында дүйнө чемпиондугунда коло медаль тагынган. Азия чемпиондугунун коло байгесин үч жолу, күмүш байгесин бир жолу уткан.

2005-жылы жаштар арасында дүйнө чемпиону болгон. Азия оюндарында коло байгени үч жолу жеңген. 2004-жылы Афиндеги Олимп оюндарына катышып ал учурда 13-орунду алып калган. 12 жылдан кийин гана Олимп оюндарына барууга кайрадан мүмкүнчүлүк алган болчу. (ECh)

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG