Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:21

Германияда Освенцимдин мурдагы кароолчусу беш жылга кесилди


Освенцим лагеринин мурдагы кароолчусу Райнхольд Ханнинг.
Освенцим лагеринин мурдагы кароолчусу Райнхольд Ханнинг.

Освенцим концлагеринин мурдагы кароолчусу Райнхольд Ханнинг 170 миң адамдын өлүмүнө катыштыгы бар деп табылып, беш жылга эркинен ажыратылды.

Учурда 94 жашка чыгып калган Ханнинг Экинчи Дүйнөлүк согуш маалында, 1943-1944- жылдары Польшада жайгашкан нацисттердин өлүм лагеринде кызмат өтөгөн. Бул сот Холокостко байланыштуу Германияда ачылган кылмыш иштери боюнча өткөрүлгөн акыркы процесстердин бири болуп калды.

Төрт айга созулган соттук процесстин маалында Ханнинг жөөттөрдүн кыргыны тууралуу билип туруп, эч нерсе кыла албаганы үчүн азыр өзүн күнөөлүү сезерин айткан. Ошентсе да анын адвокаттары адам өлтүргөнү тууралуу бир да факты жок экенин жүйө келтиришкен.

Освенцим концлагеринде бир миллиондон ашык адам жок кылынган, алардын 500 миңге жакыны венгриялык жөөттөр болгон.

XS
SM
MD
LG