Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Сапар Исаков экинчи даражалуу “Манас” ордени менен сыйланды. Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев тийиштүү буйрукка бугүн кол койду. Президенттик аппараттын коомчулук менен байланышуу бөлүмү кабарлагандай, Исаков улуттук кызыкчылыктарды коргоо жаатында кошкон үлкөн салымы үчүн орденге татыктуу деп табылган.
“Манас” ордени мамлекеттик абройлуу сыйлык болуп саналат. (SE)