Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:34

Сузакта 10 жашар баланы зордуктады деген шек менен имам кармалды


Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы мечиттердин биринин имамы болуп иштеген 58 жаштагы адам 10 жашар баланы зордуктаган деген шек менен кармалды. "Азаттык" үналгысынын милициядагы ишенимдүү булактарынын билдиришинче, аларга баланын энеси арыз менен кайрылган.

Жабырлануучу тараптын айтуусу боюнча, кармалган адам алардын коңшусу болгон жана балага 50 сомдон акча берип алдап, эки айдан бери маал-маалы менен зордуктап жүргөн. Медициналык экспертизада баланын зордукталганы тастыкталган жана кармалган адам күнөөнү мойнуна алып жатат. Учурда баланын абалы канааттандырарлык.

Бул факт боюнча Сузак райондук ички иштер бөлүмү кылмыш ишин козгоду.(EBM)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG