Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:45

Киров суу сактагычынан төмөн жайгашкан Манас районунун Покровка айылындагы айдоо талааларын суу каптап жатат. Жергиликтүү дыйкандардын айтымында, ал жерде 124 гектардан ашык жер бар. Учурда болжол менен анын жарымын суу каптап калган. Талааны Талас дарыясынан ашып чыккан суу басууда. Жергиликтүүлөр сууну тосууга беш күндөн бери аракет кылып жатышканын белгилешүүдө. Суу жээгиндеги үйлөргө да кооптуу абал жаралган.

Абал көзөмөлдө экенин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустагы башкармалыгынан билдиришти.

Бул суу каптоо Киров суу сактагычынан койо берилген суунун көлөмү көбөйгөндөн улам болууда.

Киров суу сактагычына суунун кириши ишембиде 200 кубга жетсе, чыгышы да ошол көлөмгө жеткирилген. Мурда суу сактагычка кирген-чыккан суунун көлөмүнүн эң жогорку чеги 140 куб болгонун адистер белгилешүүдө.

Синоптиктер жаан-чачынга байланыштуу 22-июнга чейин өлкө аймагындагы дарыяларда суунун деңгээли жогорулай турганын эскертишкен. (SS)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG