Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:31

Талас: Киров суу сактагычына кирген суу азая баштады


Таластагы Киров суу сактагычына кирип жаткан суу азайып, учурда суунун жалпы көлөмү 544 млн кубду түзүп жатат. Бир күн мурун андан төрт миллион кубга көп болчу. Ушул тапта суунун кириши 154, ал эми чыгышы 200 млн кубга жетип жатканын Киров суу сактагычынын башчысы Шыгай Момуналиев «Азаттыкка» билдирди.

Киров суу сактагычынан чыккан суунун көлөмү көбөйгөндүктөн төмөндөгү Покровка айылындагы талааларды каптап жатат. Жергиликтүү дыйкандар дарыя жээгин кум толтурулган каптар менен тосуп жерлерин сактоо аракетин беш күндөн бери көрүп жаткандарын айтышууда. Суу жээгиндеги үйлөргө да кооптуу абал жаралган.

Абал көзөмөлдө экенин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустагы башкармалыгынан, жергиликтүү бийликтен билдиришти. Бирок азырынча дыйкандардын күчү менен суу жээгин кум салынган каптар менен бекитүүдөн башка чара көрүлө элек. (SS)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG