Линктер

Жалал-Абад казысы бала зордуктоого шектелген имам боюнча териштирүү жүргүздү


Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 10 жаштагы баланы зордуктады деп шектелген молдо имам болуп иштеп жүргөнү анык. Ал айыл өкмөттүн имамынын дайындоосу менен бул кызматты аркалап келгенин облус казысы Абдулазиз Закиров “Азаттык” радиосуна билдирди.

Мечитте имамдык кылып жүргөн 58 жаштагы адам 10 жашар баланы эки айдан бери зордуктап жүргөнү аныкталып, камакка алынганын бүгүн милициядан кабарлашкан. Факт боюнча Сузак райондук ички иштер бөлүмү кылмыш ишин козгогон.

Баланын зордукталганы медициналык экспертизада тастыкталган. Бирок облус казысынын айтымында, шектүүнүн туугандары ал мындай ишке барбай турганын айтып, нааразы болушууда.

- Баарын мыйзамдуу түрдө териштирип, чындык аныкталмайынча, биз бир нерсе дей албайбыз. Ислам дини - таза дин. Айрым кишилердин кылык-жоругунун айынан динге көө сүрткөндөн этияттанышыбыз керек, - деди Абдулазиз Закиров. (SE)

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG