Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:11

Донбасс: соңку бир суткада үч украин аскери мерт кетти


2014-жылдан бери Украинанын чыгышында эки жарым миңдей жоокер набыт кетти.
2014-жылдан бери Украинанын чыгышында эки жарым миңдей жоокер набыт кетти.

Украинанын чыгышындагы Донбасс облусунда өкмөттүк күчтөр менен орусиячыл козголоңчулардын кагылышуусунан үч украин аскери набыт кетти. Бул тууралуу президент Петро Порошенконун администрациясынан билдиришти. Маалыматка караганда, орусиячыл козголоңчулар соңку 24 сааттын ичинде бир топ жолу ок атышпоо режимин бузушкан. Ал эми жичкилердин лидерлери, тескересинче украин жоокерлерин айыпташууда.

Украинанын Коргоо министрлигинин маалыматына ылайык, 2014-жылдын жаз айларынан бери Донбасстагы куралдуу кагылышуудан бери деген эки жарым миңдей украин аскери набыт кетти, тогуз миңден ашууну жарадар болушту.

Киев жана бир катар Батыш өлкөлөрү Орусия Украинанын чыгышындагы козголоңчуларга колдоо көрсөтүп, курал менен жабдыйт деп кине коюп келсе, Кремль бул айыптоолорду четке кагат.

XS
SM
MD
LG