Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:27

Дастан Сарыгуловду ооруканага которуу маселеси чечиле элек


Дастан Сарыгулов.
Дастан Сарыгулов.

"Кумтөр" алтын кенине байланыштуу мыйзам бузууларга шектелип өткөн аптада камакка алынган коомдук ишмер Дастан Сарыгуловдун ден-соолугу начар экенин, ал убактылуучу кармоочу жайдан ооруканага которулушу зарылдыгын анын адвокаты Акын Авазбеков өткөн апта соңунда билдирген. Жактоочу тиешелүү медициналык корутунду бар экенин белгилеп, Сарыгулов өнөкөт ооруга байланыштуу бейтапканага жатышы зарыл экенин айткан.

Азырынча коомдук ишмер камакта отурган Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети бул жаатта бир чечим чыгара элек. (SE)

XS
SM
MD
LG