Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:21

Мүнхендеги аукциондо Гитлердин жеке буюмдары сатылды


Германиянын Мүнхен шаарында 18-июнда адаттан тыш аукцион өттү. Анда Германиянын нацисттик доордогу жетекчилерине тиешелүү буюм-тайымдар сатылды.

Жергиликтүү гезиттердин бири билдиргендей, аукционго америкалык дарыгер жана тарыхый буюмдарды топтоочу Жон К. Латтимердин (1914–2007) коллекциясындагы айрым буюмдар сатыкка коюлган. Анын ичинде Адольф Гитлердин бир нече шымы, Ева Браунга тиешелүү буюмдар, Герман Герринг уу салып сактап жүргөн металл капсула, СС жетекчилеринин бири Эрнст Кальтенбруннер асылган жип да бар.

Аукциондун жыйынтыктары азырынча ачыктала элек. Бирок уюштуруучулар кеминде 170 миң евро пайда табууга белсенүүдө. Маселен, Герринг колдонгон уу кутучасы сатыкка 25 миң евро баа менен коюлган. Бул арада нацист жетекчилердин буюмдарын сатуу этикага сыябы, алар неонацисттер сыйынган нерсеге айланбайбы? деген суроолордун тегерегинде кызуу талаш-тартыш жүрүүдө.

Коллекционер Жон Латтимер белгилүү америкалык дарыгер болгон. Өз маалында сотторго, юристтерге жана түрмөдөгү нацисттик кылмышкерлерге кызмат көрсөткөн. Кийинчерээк Голливуддун бир нече жылдызынын жеке дарыгери аталган. Ал ар кыл доорлордогу куралдарды топтогон коллекционер катары да белгилүү.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG