Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:21

Forbes туристтерге Кыргызстанда эс алууну сунуштады


Кыргыз тоосу.
Кыргыз тоосу.

Forbes журналы туристтерге Түркия менен Египеттин ордуна Кыргызстанга саякат жасоо кеңешин берди. Басылманын орусча чыгарылышында эс алууга ыңгайлуу деген он тизменин арасында Кыргызстан экинчи орунду ээлеген. Анда Ысык-Көлдүн Бостери айылында эс алуу саламаттыкка пайдалуу жана капчыкка ыңгайлуу экени, тоо туризми, альпинизм менен да алектенсе болору жазылган.

Саякат үчүн мыкты он өлкөнүн катарында Азербайжан, Болгария, Черногория, Кытай, Грекия, Португалия, Франция жана Италия да бар.

Былтыр жыл этегинде британиялык The Guardian гезити өлкөдө альпинизмдин болочогу кең экенин жарыялаган.

Быйыл апрелде Британиянын Daily Telegraph гезитинин иликтөөсүндө Кыргызстан туризм өнүгүшү ыктымал деген алдыңкы он мамлекеттин баш сабына чыккан.

Эл аралык Financial Times басылмасы болсо Кыргызстанды саякат үчүн ыңгайлуу жети өлкөнүн катарына кошкон. Business Insider порталы 2016-жылы туристтер үчүн кызыктуу он эки мамлекеттин бири катары көрсөткөн. (NT)

XS
SM
MD
LG