Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:40

Эл аралык валюта фонду Кыргызстанга 13,4 миллион доллар берет


Эл аралык валюта фондунун логотиби
Эл аралык валюта фондунун логотиби

Эл аралык валюта фондунун аткаруу кеңеши экономикалык насыя боюнча үч жылдык программанын экинчи этабынын аткарылышын 17-июнда талкуулап, жактырды. Жыйынтыгында Кыргызстанга 13,4 миллион доллар бөлүү тууралуу чечимге келди. Бул тууралуу аталган фонддун басма сөз кызматы кабарлады.

Аткаруу кеңешинин өкүлдөрү мындан аркы коюлган милдеттерди аткаруу боюнча сунуштарын айтышты.

Өкмөт менен Эл аралык валюта фондунун ортосунда былтыр апрелде түзүлгөн келишимге ылайык, Кыргызстан буга чейин 26,9 миллион доллар алган. Программанын жалпы суммасы 92,4 миллион долларды түзөт. Бул каражат улуттук экономиканы колдоого жумшалары айтылган. (NT)

XS
SM
MD
LG