Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:53

Өрттөн жаракат алган алтынчы адам каза тапты


6-июндагы өрттөн беш жүк ташуучу автоунаа өрттөнүп, он чакты адам жаракат алган.
6-июндагы өрттөн беш жүк ташуучу автоунаа өрттөнүп, он чакты адам жаракат алган.

Газ ташыган автоунаанын жарылуусунан катуу жаракат алып, реанимацияда жаткан алтынчы адам каза болгонун Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунан билдиришти. 30 жаштагы Калыбек уулу Орозокалыбек 18-июндун таңында өзүнө келбей каза тапкан. Ал денесинен 70 пайыз күйүк алган.

6-июнда Бишкектин Фучик көчөсүндө жайгашкан "Лейлек курулуш" ачык акционердик коому ижарага алып иштеткен жүк ташуучу автоунаалар бекетинде газ ташыган машине жарылган. Өрттөн беш жүк ташуучу автоунаа күйүп кеткен. Ал жерде оңдоп-түзөө иштери менен алектенген он жаран жабыркап, ооруканага жеткирилген. Алардын алтоо каза тапты. Калгандары кайра жандандыруу бөлүмүндө дарыланып, азыр айыккандары бейтапканадан чыгарыла баштады. (NT)

XS
SM
MD
LG