Линктер

ЖМК боюнча мыйзам долбоорун чакыртып алуу талап кылынат


Кыргызстандык журналисттер

Кыргызстандык журналисттер

Бишкектеги "Плаза" мейманканасында 21-июнда "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндөгү" мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөр талкууланат. Аны мыйзам долбоорго каршы журналисттер менен медиа-эксперттерден турган демилгелүү топ уюштурууда. Жыйынга демилгечилер, парламенттеги фракциялардын жетекчилери, комитеттердин өкүлдөрү чакырылды. Анда депутаттардан аталган мыйзам долбоорун чакыртып алуу талабы коюлат.

10-июнда Жогорку Кеңештин төрт депутаты аталган мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштаган. Социалдык маселелер, билим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети 13-июнда мыйзам долбоорун жактырган. Ага ылайык, ЖМКны негиздөө укугуна мамлекеттик органдар, саясий партиялар жана башка укуктук жактар, Кыргызстан жарандары гана акылуу. Чет жактан каржыланган маалымат каражаттарына сырттан келүүчү акчанын көлөмү 20 пайыздан ашпоосу керек деген эреже да жазылган.

16-июнда документ парламенттин жалпы жыйынында биринчи окууда күн тартибине киргизилип, бирок авторлор "долбоор чала болуп жатат" деген негизде кийинкиге калтырышкан. Бир катар байкоочулар бул демилге колдоо тапса, "Азаттык" радиосу жабылышы мүмкүндүгүн белгилешүүдө. Ал эми демилгечи депутат Кожобек Рыспаев бул сунуш радиолорго эмес, телеканалдарга тиешелүү экенин билдирген. "Азаттыкты" колдоп өткөн аптада Ак үй алдында укук коргоочулар пикет өткөрдү. Ошондой эле мыйзам долбооруна каршы кол топтолууда. (NT)

XS
SM
MD
LG