Линктер

Кабулда күзөтчүлөр түшкөн автобус жардырылды


Кабулда жардырылган автобус.

Кабулда жардырылган автобус.

Ооганстандын ички иштер министрлигинин маалымдоосуна караганда, 20-июнда эрте менен борбордо чакан автобусту жардыруудан 14 күзөтчү каза таап, 8 жарадар болгон. Алардын баары Канада элчиилигин күзөткөн непалдыктар болгон. Жарадар болгондордун бири Ассошиейтед пресске алар Канада элчилигин кайтарууга жалданышканын билдирген.

Автобус Кабулдан Желалабад жолуна чыгар алдында жанкечти келип, бомба жардырган. Талиптердин өкүлү Забиулла Мужахид талиптер жардырууга жоопкерчиликтүү экенин, “баскынчылардын күзөтчүлөрү” бутага алынганын билдирди. (AiT)

XS
SM
MD
LG