Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:02

Ош: ташталган ымыркайдын энеси табылды


14-июнда Ош облусунун Кара-Суу районунда эгин талаасынан табылган ымыркайдын энеси табылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Жаңы төрөлгөн кызды айылдык молдо таап алып, жергиликтүү жашоочуларга жана милицияга кабарлаган.

Наристенин энеси, кылмышка шектүү 17 жаштагы кыз Ош шаарынан кармалган. Туугандары ал 9-классты аяктаган соң мектепти таштап салганын маалымдашкан. Ата-энеси кызынын кош бойлуу экенин билбегенин айтышууда. Азыр ымыркай энеси менен аймактык ооруканада дарыланып жатат. Анын эмне себептен мындай кадамга барганы жана баланын атасын аныктоо боюнча териштирүү иштери уланууда. (NT)

XS
SM
MD
LG