Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:38

Пакистандык талиптердин алты командири суракка алынууда


Пакистан
Пакистан

Пакистан күч органдарынын кабарлоосуна караганда, алты командир түндүк-батыштагы уруулар жашаган Куррам облусунда колго түшүп беришкен. Жекшемби күнү колго түшкөндөрдүн арасында Ижас Мехсуд жана Кхайр Мухамамад Мехсуд да бар. Алар Пакистан талиптеринин өлтүрүлгөн лидери Хакимулла Мехсуддун жакын туугандары. Колго түшкөндөр 20-июнда Түштүк Вазиристандагы аскердик базада суракка алынган. Уруулар жашаган Куррам региону Ооганстандын Нангархар, Пактия жана Хост провинциялары менен чектешет. Мехсуд 2013-жылы АКШнын дрону тарабынан Түндүк Вазиристанда атып өлтүрүлгөн. (AiT)

XS
SM
MD
LG