Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:32

Алматыда журналист Рамазан Есергепов 20-июнда ачкачылык жарыялады


Рамазан Есергепов.

Рамазан Есергепов.

Ал өзүнүн акциясын жарандык активист жана коомдук ишмерлерди куугунтукка алууга каршы жүргүзүүдө. Акция Бирикен Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча комитетинин 117-сессиясын ачылышын утурлай башталды.

Есергепов акциясы “адам укуктары жана эркиндиктери боюнча адилеттүү жана позитивдүү реакция болгонго чейин” улантыларын билдирди. Ал Макс Бокаев, Талгат Аян, Жанат Есентаев, Гатаугали Бохан, Саныали Капизов, Кубайдолла Шолак жана Махамбет Абжанга мыйзамсыз кылмыш иши козголуп, куугунтукка алынып жатат деп эсептейт.

Бул активисттер жер маселеси боюнча акцияларга катышкан. Алар бийликти басып алууга аракет жасаган, кастыкты күчөткөн деп айыпталууда. Апрель, май айларында Казакстанда жерди чет өлкөлүктөргө узак мөөнөткө ижарага берүүгө каршы нааразылык акциялары өттү. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG