Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:48

Карелиядагы кырсык боюнча бир инструктор суракка алынууда


Издөө иштери.

Издөө иштери.

Орусиянын маалымдоо каражаттарынын кабарларына караганда, кырсык Карелиядагы көлдө болгон. Жайкы каникул учурунда саякаттап барган балдар түндөсү кемеде толкунга кабылып набыт болушкан. Орусиянын Тергөө комитети 13 бала жана инструктордун сөөгү табылганын 19-июнда маалымдады. Курман болгондор 12ден 15 чейинки балдар. Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкери Екатерина Биктимированын маалымдашынча, кайыктагылар түнкү күчтүү толкунга кабылган. Эки кайыкта 49 бала болгон.

Толкунга туруштук бере албай эки кайык көмкөрүлүп кеткен. Москванын мэри Сергей Собянин чөгүп кеткендер Москва облусунан экенин кабарлады. Окуядан кийин бир инструктор кармалып, суракка алынууда. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG