Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:56

Эсенкулов: Славян университетинде кыргыз тилинде окууга көңүл бурулат


Кыргыз-орус (славян) университети.
Кыргыз-орус (славян) университети.

Кыргыз-орус (славян) университетинин уставына өзгөртүү киргизилип, окуу программасына мамлекеттик тилге басым жасалат. Бул тууралуу “Азаттыкка” билим берүү жана илим министринин орун басары Нурмамат Эсенкулов билдирди.

Анын айтымында, аталган окуу жайдын учурдагы уставында окуу орус тилинде гана жүргүзүлөрү айтылган.

Жаңы уставда милдетүү түрдө мамлекеттик стандартта көрсөтүлгөн деңгээлде кыргыз тилинде окутуу милдеттендирүү каралууда.

Буга чейин кыргыз-орус (славян) университетиндеги мамлекеттик тилге мамиле талкууга түштү.

Аталган окуу жайдын кафедра башчысы окуу жайында уставда көрсөтүлгөн эмес деп кыргыз тилиндеги окуу китебин даярдоого каршылыгын билдирген.

Муну окуу жайдын айрым мугалимдери мамлекеттик тилди басмырлоо катары кабыл алууда.

XS
SM
MD
LG