Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:11

21-июндун аба ырайы


Кыргызгидрометеорологиялык агенттик билдиргендей, 21-июндан 24-июнга чейин өлкөдө аба ырайы туруксуз болот. Нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн.

21-июнда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, 17-22 метрди түзөт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 14...19, күндүз 22...27;

Таласта түнкүсүн 11...16, күндүз 21...26;

Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 15...20, күндүз 25...30;

Баткен облусунда түнкүсүн 12...17, күндүз 24...29;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 10...15, күндүз 19...24;

Нарын өрөөнүндө түнкүсүн 6...11, күндүз 19...24 градуска чейин көтөрүлөт.

Бишкекте 21-июнда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден 14 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 15...17 градус, күндүз 24...26 градус жогору болот.

XS
SM
MD
LG