Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:09

Жарандык активисттер БШК курамына таза адамдарды тандоого чакырууда


"Демократия жана жарандык коом үчүн" коалициясы БШКнын азыркы курамынын мөөнөтү аяктап жатканына байланыштуу 20-июнда президент Алмазбек Атамбаев менен Жогорку Кеңеш депутаттарына кайрылуу жолдоду. Анда жаңы курамды тандоодо ишенимди эске алууга, талапкерлерди ачык талкуулап, андан кийин шайлоого чакырык ташталган.

Аталган уюм Боршайкомдун азыркы курамын 2015-жылы өткөн парламенттик жана быйыл марттагы жергиликтүү кеңештерге шайлоолордо жамааттык эрежелерди сактабады деп сынга алды. Ошондой эле БШК парламентке өткөн депутат аялдарды жана фракциялардын кызыкчылыгы менен айрым талапкерлерди сүрүп чыгарууга катышканын билдирген.

Буга байланыштуу жарандык активисттер БШКга таза адамдарды шайлоого чакырууда. Борбордук шайлоо комиссиясынын азыркы курамынын мөөнөтү июндун этегинде аяктайт. (NT)

XS
SM
MD
LG